АЛГА-БАС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:58, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГА-БАС ‒ Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу. Беш-Конуш суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 890 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 69 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 900 (2014); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.