АКЫЛ ТАРБИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫЛ ТАРБИЯСЫтарбиянын негизги бир бөлүгү. Ал аӊ-сезимин, акыл-эсин, дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн калыптандырып, билимин, сүйлөө маданиятын өстүрүү маселелерин ичине камтыйт. Акыл тарбиясы адамдын бала чагынан башталып, өмүрүнүн акырына чейин созула берет. А.кыл тарбиясын жүргүзүүдө ата-эненин, мектеп ж-а жогорку окуу жайлардын ролу чоӊ. Билим берүү акыл тарбиясынын негизин түзүп, эмгектик ж-а нравалык, эстетикалык ж-а дене тарбиясы м-н тыгыз байланышып, адамдын бардык жактан өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Акыл тарбиясы негизинен, коомдук чөйрөдө ж-а үй-бүлө шартында ишке ашырылат.