АКЫЛ ТАРБИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
‒ тарбиянын негизги бир бөлүгү. Ал аӊ-сезимин, акыл-эсин, дүйнөгө көз карашын, түшүнүгүн калыптандырып, билимин, сүйлөө мад-тын өстүрүү маселелерин ичине камтыйт. А. т. адамдын бала чагынан башталып, өмүрүнүн акырына чейин созула берет. А. т-н жүргүзүүдө ата-эненин, мектеп ж-а ЖОЖдордун ролу чоӊ. Билим берүү А.т-нын негизин түзүп, эмгектик ж-а нравалык, эстетикалык ж-а дене тарбиясы м-н тыгыз байланышып, адамдын бардык жактан өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. А. т. коомдук чөйрөдө ж-а үй-бүлө шартында ишке ашырылат.