АЛА БАТА
Jump to navigation
Jump to search
АЛА БАТА (Atriplex) ‒ шакардуулар тукумундагы чөп же бадал сымал өсүмдүк. Бир же эки жылдык отоо чөп. Жалбырагы кезектешип жайгашат. Топ гүлү ‒ машак, бир жыныстуу, аталык гүлү 5 муунактуу, энелик гүлүнүн көбү жан жалбыракчасыз. Мөмөсү бир уруктуу. Мелүүн жана субтропик алкактарында 200, Кыргызстанда 11 түрү (айрыкча татар А. б-сы) өсөт. Бутактуу А. б., ачык түстүү А. б. айдоо жерде, короо-жай, жол боюнда, татар А. б-сы шор жерде, пахта талаасында өсөт. Шор топурактуу чөл жана жарым чөлдө бадал жана бадал сымал, ак А. б. кезигет. Аны кой, уй, айрыкча төө жакшы оттойт.