АКЫЛБЕКОВ Сабырбек Мамбетсадыкович
АКЫЛБЕКОВ Сабырбек Мамбетсадыкович (15. 3. 1914, азыркы Чүй обл., Калинин р-ну, Кум-Арык айылы ‒ 15. 4. 1968, Фрунзе) ‒ белгилүү сүрөтчү, педагог, Кыргыз СCРинин искусство эмгек сиңирген ишмери (1958). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында (1928‒32), Москвадагы «1905-жылды эскерүү» атн. сүрөт окуу жайында
(1936‒39) окуган. Адегенде С. А. Чуйковдон жана В. Образцовдон, кийин белгилүү орус сүрөтчүлөрү Н. П. Крымов менен П. И. Петровичтен таалим алган. Педагогикалык окуу жайында, мектепте сүрөт мугалими (1932‒34), Фрунзедеги сүрөт окуу жайында педагог (1961‒65) болуп иштеген. Алгачкы пейзаждык чыгармасы ‒ «Колхоздун короо кою» (1939) деген картинасында С. Акылбеков сүрөтчүлүк жөндөмүн даана көрсөтө алган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлган. С. Акылбеков кыргыз сүрөт иск-восуна чебер пейзажчы жана портретчи катары кирген. Буга анын «Чүй өрөөнүндө», «Алыскы жайлоодо», «Колхоз корукчусу», «С. Моминованын портрети» деген сүрөттөрү күбө. 1952-ж. Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрын кооздоого катышкан. «Кыргыз талааларында» (1954) деген чыгармасында илимий прогресстин натыйжасында кол эмгегин техника менен алмаштырган жагдайды чеберчилик менен көрсөткөн. 1960-жылдары С. Акылбековдун «97-чакырымда» (1960), «Кыргызстандын түштүгүндө» (1964), «Шаардын бир бурчу» (1964), «Туулган жерде» (1965) ж. б. белгилүү пейзаждык чыгармалары жаралган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында С. Акылбеков республиканын индустриясын чагылдырган «Завод» (1965), «Заводдук трасса» (1966) аттуу картиналарын тарткан. КРдин Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медаль менен сыйланган.
Ад.: Прыткова Л.А. Сабырбек Акылбеков. Ф., 1968.