АКЫЛБЕК манасчы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:08, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫЛБЕК (болжол менен 1840-жылдар ченде туулган ‒ өлгөн жылы белгисиз.) ‒ манасчы. Манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен Акылбекти жогору баалаган. Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоӊ манасчылардын кимисине жолугуп таалим алып, бирге болгонсуз?» ‒ деген суроого: «Чоӊ манасчылардан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат, кайран киши», ‒ деген экен.