АКЫЛБЕКОВ Сабырбек Мамбетсадыкович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:32, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЫЛБЕКОВ Сабырбек Мамбетсадыкович (15. 3. 1914, азыркы Чүй обл., Калинин р-ну, Кум-Арык айылы ‒ 15. 4. 1968, Фрунзе) ‒ белгилүү сүрөтчү, педагог, Кыргыз СCРинин искусство эмгек сиңирген ишмери (1958). Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында (1928‒32), Москвадагы «1905-жылды эскерүү» атн. сүрөт окуу жайында

АКЫЛБЕКОВ16.png

(1936‒39) окуган. Адегенде С. А. Чуйковдон ж-а В. Образцовдон, кийин белгилүү орус сүрөтчүлөрү Н. П. Крымов м-н П. И. Петровичтен таалим алган. Педагогикалык окуу жайында, мектепте сүрөт мугалими (1932‒34), Фрунзедеги сүрөт окуу жайында педагог (1961‒65) болуп иштеген. Алгачкы пейзаждык чыгармасы ‒ «Колхоздун короо кою» (1939) деген картинасында С. Акылбеков сүрөтчүлүк жөндөмүн даана көрсөтө алган. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасында анын чыгармалары көргөзмөгө коюлган. С. Акылбеков кыргыз сүрөт иск-восуна чебер пейзажчы ж-а портретчи катары кирген. Буга анын «Чүй өрөөнүндө», «Алыскы жайлоодо», «Колхоз корукчусу», «С. Моминованын портрети» деген сүрөттөрү күбө. 1952-ж. Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрын кооздоого катышкан. «Кыргыз талааларында» (1954) деген чыгармасында илимий прогресстин натыйжасында кол эмгегин техника м-н алмаштырган жагдайды чеберчилик м-н көрсөткөн. 1960-жылдары С. Акылбековдун «97-чакырым да» (1960), «Кыргызстандын түштүгүндө» (1964), «Шаардын бир бурчу» (1964), «Туулган жерде» (1965) ж. б. белгилүү пейзаждык чыгармалары жаралган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында С. Акылбеков республиканын индустриясын чагылдырган «Завод» (1965), «Заводдук трасса» (1966) аттуу картиналарын тарткан. КРдин Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медаль м-н сыйланган.
Ад.: Прыткова Л.А. Сабырбек Акылбеков. Ф., 1968.