АКЧАБАЕВ Малик

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКЧАБАЕВ Малик (1932-ж.т., Ош обл., Хиля кыштагы) ‒ пахтачы, Соц. Эмг. Баатыры (1979), Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1978). Эмгек жолун 1950-ж. Ленин р-ндагы Калинин атн. колхоздо колхозчу болуп иштөөдөн баштаган.

АКЧАБАЕВ14.png

1965-жылдан пахтачылык бригаданын бригадири. Анын жетекчилигинде бригада 1979-ж. пахтадан ар бир га жерден 53,5 цден түшүм алган. 1975‒80-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.