АКЧА БАЗАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АКЧА БАЗАСЫ‒ 1) банк системасынан тышкары накта акча; 2) борбордук банкта сакталып турган коммерциялык банктардын резерви . Эгер накта акчалар акчаны сунуш кылуунун бир бөлүгү болсо, ал эми банк резерви акчаны сунуш кылууну көбөйтүү менен банктарга жаӊы депозиттерди ачууга шарт түзөт. Борбордук банк барыдан мурда Акча базасын, башкача айтканда өлчөмүнө өлкөдөгү акча массасы көзкаранды болгон активдерди жөнгө салат.