АКТУАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

[АКТУАЛИ́ЗМ]

АКТУАЛИЗМ а к т у а л и с т т и к ы к м а (лат. actualis ‒ азыркы, анык, чыныгы болуп жаткан) ‒ Жердин өнүгүү тарыхын табигый -илимий жол менен таануу ыкмасы. А. жербетиндеги азыркы учурда болуп жаткан кубулуштар менен геол. процесстер (жанар тоолордун атылышы, жер титирөөлөр, тектон. кыймылдар, чөкмө тоотектердин пайда болушу ж. б.) байыркы доорлордо да болгон деген түшүнүккө таянып, азыркы кездеги түрдүү геол. процесстерди жана алардын натыйжаларын изилдеп, салыштыруунун негизинде өткөн мезгилдердеги жер бетинин түзүлүшүн, тоотектердин пайда болуу шарттарын ж. б. болжолдоп аныктоого болот. А. ыкманын пайдаланылышы диалект. негизде гана болушу мүмкүн. А. ыкмасын кийин геол. тарыхты аныктоодо (18-к-дын ортосунда Россияда М. В. Ломоносов, Улуу Британияда Дж. Геттон, Германияда К. фон Гофф) колдонгон. 19-к-дын ортосунда англ. изилдөөчүсү Ч. Лайель униформизмдин концепциясын негиздеп жана илимий ыкманы иштеп чыккан, ал 19-к-дын 2-жарымында Францияда, Германияда жана Россияда кеӊири колдонула баштаган. А-дин өнүгүүсүнө Н. И. Анрусов, А. Д. Архангельский, Н. М. Страхов, Й. Вальтер, Э. Кайзер (Германия), Л. Кайё (Франция) зор салым кошкон.
Ад.: Равикович А. И. Развитие основных теоретических направлений в геологии ХIХ века. М., 1969; Хаин В. Е., Рябухин А. Г. История и методология геологических наук. М., 2004.