АССИМИЛЯЦИЯ (этнографияда)
Jump to navigation
Jump to search
АССИМИЛЯЦИЯ э т н о г р а ф и я д а (лат. аssimilatio ‒ аралашуу, өздөштүрүү) ‒ бир элдин эне тилин, мад-тын, улуттук аӊ-сезимин жоготуп, экинчи бир элге сиӊип кетиши. Бул процесс эки түрдө: табигый жана мажбурлоо жолу менен жүргөн. Табигый А. калктын түрлүү этностук топторунун арасында узак мезгилге созулган карым-катнаштын негизинде, алардын өз ара никеге турушунун ж. б. факторлордун натыйжасында жүрөт. Улуттар арасында теӊсиздик өкүм сүргөн өлкөлөр ичинде А. мажбурлоо, зордоо жолу менен ишке ашырылган. Мис., Австрия империясында, кийинчерээк Австрия-Венгрияда, Россияда ж. б. жерлерде ушундай А. процесси жүргөн.