АКНАЗАРОВА Роза
АКНАЗАРОВА Роза Корчубековна (6. 12. 1955-ж. т., Жалал‑Абад обл., Чаткал р‑ну, Янги‑Базар айылы) – экономист, экономика илимд. доктору (2005), проф. (2005), КРдин экономикага эмг. сиң. ишмери (1998). КМУну (1978), Москвадагы Бүткүл союздук ил.-из. ин‑тунун аспирантурасын (1984) бүтүргөн. ФПИде окутуучу (1978‑81), Кыргыз экономика жана айыл чарба ил.-из. ин‑тунда сектор башчы (1992), КРдин Улуттук банкында башкармалыктын начальниги, башкы бухгалтер (1992‑96), ДЕБРА агентчилигинин директору (1996‑99), КРдин Социалдык фондунун председатели‑министр (1999-2000), КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000‑01), КРдин Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри (2001‑05), КМУда окутуучу (1998‑2006), «Эл ынтымагы» социал‑демокр. партиянын төрайымы болуп иштеген. ЗОдан ашуун ил. эмгектери, анын ичинде 9 монографиясы жарык көргөн. Негизги эмгектери рынок шартындагы айыл чарбасынын социалдык‑экон. проблемаларына арналган.
Эмг.: Рынок жана экономикалык саясат. Б., 1998; Социально‑экономические проблемы аграрной реформы. Б., 1999; Формирование и эффективное развитие финансовой системы аграрного сектора Кыргызстана. Б., 2002; Экономическая эффективность аграрного сектора в условиях формирования рыночной финансовой системы. Б., 2004.