АКМАТОВ Жусупбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:06, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМАТОВ Жусупбек (4. 4. 1938, Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы – 10. 12. 2010, ошол эле жерде) – генерал‑майор (1983). КМУну (1961), КПСС БКга караштуу коомдук ИАны (1980) бүткөн. 1961‑68‑жылдары Сокулук райондук прокуратурасынын стажёр‑тергөөчүсү, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, Бишкек шаардык ич­ки иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү, Кыргыз ССР ИИМинде оперуполномочен, 1968–72‑жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунда кеңешчи, улук кеңешчи, юридика бөлүмүнүн башчысы, 1972–75‑жылдары Кыргыз ССР Жогорку сотунун мүчөсү, 1975–79‑жылдарда Кыргызстан КП БКнын административдик органдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы, 1980–82‑ж. Москвада СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Башкы инспектордук башкармалыгында жооптуу кызматта, Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, 1982–87‑жылдарда Кыргыз ССРинин Ички иштер министри, 1987–94‑жылдарда КР ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин окутуучусу, «Динамо» коомунун кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары, 1994–99‑жылдары КР ИИМде Кадрларды даярдоо борборунун начальниги, 1999–2010‑жылдары КР ИИМдин Академиясында доцент, окутуучу болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980–85, 1985–90), КРдин билим берүү отличниги. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

АКМАТОВ 248.png