АКИНО
АКИНО Корасон (25. 1. 1933, Паники, Тарлак провинциясы, Филиппин – 1. 8. 2009, ошол эле жерде) – Филиппиндин президенти (1986–92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан биринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуангконун тукумдарынан. Филиппиндин мамл. жана саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932–83) жубайы. 1986‑ж. февраль айында Манил ш‑ндагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийликке келген. 1987‑ж. демокр. конституция (азыркы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башкаруунун алгачкы жылдары А. «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» катары белгилүү болгон. Экономиканы модернизациялоо, жакырчылыкка жана коррупцияга каршы күрөшкө багытталган иш‑чараларды жүргүзгөн. Башкаруу элитасынын жана оппозициянын ич ара карама‑каршылыктарынын күчөшүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжалуу болгон эмес. Буга карабастан А. мөөнөтү аяктаганча мамлекетти башкарып, бийликти демокр. жол менен жаңы президентке өткөрүп берген.