АКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАЦИЯ (Acacia) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Дарак, бадал, чанда лиа­налар. Жалбырагы татаал, кош канат сымал, көп учурда учтуу же узун тикенектери өсөт. Гүлү сары, майда, анча чоң эмес башча топ гүлү та­таал шыпыргы топ гүлчө чогулган. Мөмөсү көп уруктуу чанак. Анын 1000ден ашык түрү Афри­ка, Азия, Америка жана Австралиянын кургак­чыл райондорунда таралган. Көп түрлөрү баалуу жыгач. Сенегал Аациясы – медицинада колдону­луучу гумми‑арабиктин жогорку сортун алууда чийки зат. Россиянын Кара деңиз жээктеринде кара жыгачтуу Акация жашылдандыруу үчүн өстү­рүлөт. Айрымдары танниддерге бай келип, бул­гаары ийлөөдө, сапаттуу сөңгөгү эмерек, кагаз жасоодо колдонулат. Кыргызстанда 3 түрү (ак, сары, кумдак Акация) өстүрүлөт.