АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК БОРБОР – 1924-жылы Кыргызстандагы бар­дык илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуучу Кара Кыргыз АОнун Ревкомунун Президиуму та­рабынан уюштурулган мекеме. Кыр­гыз мектептери үчүн окуу китептерин түзүү, окуу пландарын жана программаларын, жобо, инст­рукцияларын, методикалык көрсөтмөлөрүн иштеп чыгуу Академиялык борбордун башкы милдети болгон. Ошондой эле илимий мекемелердин иштерин жөнгө салуу менен жалпы изилдөө иштерин пландаштырган. Академиялык борбордун алдында терминологиялык комиссия, методикалык бюро жана музей иштери, тарыхый мурастарды, маданий, тарыхый эстеликтерди кор­гоо уюмдары иштеген. Кыргызстан крайтаануу илимий-изилдөө институтуна уюшулганга чейин (1928), Академиялык борбор тарабы­нан маданий курулуштун актуалдуу, татаал жана ар түрдүү маселелери каралган. Кыргыз тилинде жазуунун араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселелери, элдик оозеки чыгармаларды жана тарыхый мурастарды, материалдарды жыйноо, алардын айрымдарын басып чыгаруу, байыркы эстеликтерди сактоо ж. б. иштерди жүргүзгөн.