АК-ШЫЙРАК ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:15, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ШЫЙРАК ӨРӨӨНҮ Борбордук Теӊир-Тоодогу Сары-Жаз суусунун алабында. Түндүгүнөн Эшек-Арт, түштүгүнөн Боор-Албас, Ак-Зоо, Миӊ-Теке, Кайчы жана Кара-Зоо (Жаӊгарт) тоолору менен чектешет. Узундугу 60 км, туурасы 6 км. Өрөөндүн деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 2300‒2900 м. Чыгышы түзөӊ, батышы бийик, адырлуу, түндүк жана түштүк жагы торпу-белесчелүү. Тоо капталдары кууш өрөөн, капчыгайлуу (Кызыл-Капчыгай, Үч-Кошкон ж. б.). Неотектоникалык тиби ‒ грабен-синклинорий. Неоген менен палеогендин кумдук, чопо, конгломерат тектеринен түзүлгөн. Ак-Шыйрак суусунун баш жагында карбондун роговик жана чөкмө тектери, ортонку бөлүгүндө ири кристаллдуу кызгылтым түстөгү гранит тектери жер бетине чыгып жатат. Өрөөн аркылуу Ак-Шыйрак суусу агат. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орточо температурасы ‒15,1°С, жайы салкын, июлдуку 11,8°С. Жылдык жаан-чачыны 200‒220 мм. Чөл жана жарым чөл (2900‒3400 мге чейин), талаа (2600‒3800 м), субальп жана альп шалбаа (3000‒4000 м), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Өрөөндө Ак-Шыйрак кыштагы, метеостанция ж. б. бар.