АК-ТҮЗ СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:46, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТЪЗ СЕЙРЕК МЕТАЛЛДАР КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Ак-Түз кыштагынын жанында, Кемин темир жол бекетинен 48 км түндүк-чыгышта, Кичи Кемин суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 2260‒2600 м бийиктикте. 1942‒51-жж. чалгындалып, запасы эсептелген. Кен аймагы пермдин гранофирлери менен жирелген, рифей мезгилинин жашыл түстөгү амфибол сланецтеринен, парагнейстерден түзүлгөн. Кенташ (руда) тулкулары контакт-метасоматикалык-гидротермдик өзгөрүүгө дуушарланган амфибол сланецтеринде жайгашкан. Сейрек учуроочу металлдардын жана торийдин минералдашуусу кварцталган, хлориттелген, серициттелген роговик жана гранофирлер менен байланышкан. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, пирит, сейрек учуроочу минералдары ‒ вюртцит, марматит, халькозин, ковелин, борнит. Пайдалуу компоненттердин орточо өлчөмү: ниобий ‒ 0,012%, тантал ‒ 0,002%. Сейрек учуроочу металлдардын божомолдуу ресурсу ‒ 12800 т. Кен казып алынып бүткөн.