АК-ТАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:54, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТАЛ ‒ Нарын обл-нун Ак-Талаа р-ндагы кыштак. Ак-Тал айыл округунун борбору. Райондун борбору Баетов кыш-нан 40 км түн. тарапта . Балыкчы темир жол бекетинен 260 км. Нарын д-нын түш. жээгинде, деӊиз деӊг. 1750 м бийиктикте жайгашкан. 1957-ж. отурукташкан. Калкы 1143 (2009); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Клуб, ФАП, мончо, байланыш түйүнү ж. б. бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры М. Койчиев туулган.