АК-САЙ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 29 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ ЧОПО КЕНИ Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда, Кажы-Сай кыштагынан 5 км чыгыш тарапта, деӊиз деӊгээлинен 1630‒1900 м бийиктикте. 1972‒75-жж. Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы тарабынан чалгындалган. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Чопо жети катмардан туруп, көмүр кабатынын астыңкы жана үстүңкү бөлүгүндө жайгашкан. Чопо катмарларынын жалпы калыӊдыгы 4 мден 22 мге чейин өзгөрүп, 200‒300 мге созулуп жатат. Чопо кара-боз түстө, бат нымдалып, жакшы ийленет. Күйгүзгөндө ак түскө өтөт. Чопону карапа буюмдарын жасоого жана бургулоо суюктугун даярдоого колдонсо болот. Жергиликтүү эл боз үйдүн кийизин бордоодо, самын кайнатканда колдонот. Запасы В категориясы б-ча 245 миӊ м3, С1‒397 миӊ м3, В+ С1‒ 642 миӊ м3, С2 ‒129 м3.