АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:07, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ – 9–12‑кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Чүй облусунун Москва районун­дагы Степинское айылынын түндүк тарабында, Ак-­Суунун жээгиндеги аянтчада жайгашкан. Ал ас­кер жана бийлик ордосу турган шаар болгон. Шаардын негизги бөлүгү Ак‑Суунун сол өйүзүндө жайгашып, 7500 м2 аянтты ээлейт. Сырткы дубалынын узундугу 15 км, бийикт. 3–3,5 м, калыңдыгы 18–20 м. Дубалдын сырткы айланасы 10 м жазылыкта казылган аңгектер жана жал тосмолору менен бекемделген. Ак-Дөбө шаар калдыгынын борбордук бөлүгүнүн маданий катмарынын калыңдыгы 1,5 мди түзгөн. Ал жерде көптөгөн турак жайлар жай­гашкан. Темир бычак, жаа, жебе, көркөм кооздук буюмдарынын калдыктары табылган. А. Н. Бернштам, Н. П. Кожемяко, ошондой эле 1974‑жылы Казак мамлекеттик университетинин окумуштуусу У. X. Шалекенов тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.