АК УУЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:52, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК УУЛ ‒ элдик санжыра боюнча оӊ канат урууларынын түпкү атасы; Куу уулдун бир тууганы. Ак уулга адигине, тагай жана моӊолдор уруулары кирет. Ак ууул жөнүндөгү уламыш тарыхый булактарда алгач Сайф ад-Дин Аксыкентинин «Мажму ат-Таварих » (16-кылым) аттуу эмгегинде эскерилет. Элдик санжырада Ак уулдун аталышы тууралуу бир нече мифтик, уламыштык түшүндүрмөлөр кездешет. Илимий өӊүттөн караганда, кыргыз элинин уруулук курамына кирген оӊ канат уруулары байыркы көчмөн түрк-моӊгол элдеринде кеӊири колдонулуп келген өӊ-түсүнө карата сыпаттоо аркылуу Ак уул аталган болсо керек деп жыйынтык чыгарса болот.