АК КУУРАЙ
Jump to navigation
Jump to search
АК КУУРАЙ (spiraled) – чанактуулар тукумунун уруусу, көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийикт. 130 см, бозомтук, жыш түктүү, жыттуу, өзөк тамыры кыртышта терең өсөт. Сабагы тик, бутактуу, жөнөкөй жана татаал жалбырактуу, жалбырак сабы кыска. Мөмөсү – чанак, бир уруктуу, анын сырты түктүү. Дүйнөдө 130га жакын түрү субтропик аймактарда таралган. Кытайда жана Индияда айдалат. КМШ өлкөлөрүндөгү 3‑4 жапайы түрүнүн көбү отоо чөп. Айрымдары жашылдандырууда, дары катары элдик медицинада, тамак‑ашка, а. ч‑сында тоют чөп катары, жеңил өнөр жайда була алуу үчүн кеңири колдонулат.