АЙЮБ ХАН МУХАММЕД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЮБ ХАН МУХАММЕД (14. 5. 1907, Харипур ш. – 19. 4. 1974, ошол эле жер) – Пакистандын Президенти жана Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы (1958–69). Алигарх мусулман университетин, Королдордун аскерий окуу жайын бүтүргөн. Айюб хан 1947‑жылы Чыгыш Пакистан (азыркы Бангладеш) Куралдуу Күчтөрүн түзгөн. 1951‑жылы Пакистан армиясынын башкы командачысы, 1954–56‑жылдары Коргоо министри, ички иштер министри болуп иштеген. 1958‑жылы аскер төңкөрүшүнөн кийин аскер режиминин башында турган. Экинчи Пакистан конституциясын кабыл алууга аракет жасап, демократиялык укуктарга чектөөлөрдү киргизген. 1969‑жылы саясий оппозициянын күчү менен отставкага кеткен.