АЙЫП
АЙЫП у к у к т а – Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексте жана Кылмыш‑жаза кодексинде (КЖК) каралган негизги жазалардын бири; адм. укук бузуу же кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан белгиленип, мамлекеттин пайдасына күнөөлүүдөн өндүрүлүүчү акчалай сумма. Айыптын өлчөмү бир айлык акынын эң аз өлчөмүнөн эсептелет. Административдик жоопкерчилик кодекси боюнча Айыптын төмөнкү өлчөмү ал өлчөмдүн 0,1%инен кем эмес, ал эми кызмат адамдары үчүн айлыктын эң аз өлчөмүнөн 2 эседен кем алынбайт. Айыптын жогорку өлчөмү айлыктын эң аз өлчөмүнөн 20 эсе, кызмат адамдары үчүн 100 эседен ашпоосу тийиш. КЖКда Айыптын төмөнкү өлчөмү эң төмөнкү айлык акыдан 20 эсе, эң жогорку өлчөмү 1000 эсеге көбөйтүлүп белгиленген. Айып негизги жаза катары КЖКнын Өзгөчө бөлүгүнүн нормаларында каралса гана салынат. Эгерде соттолгон адам Aйыпты төлөөдөн жүйөөсүз түрдө баш тартса, ал камак менен алмаштырылат.
К. Эсенканов.