АЙЫЛ ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ИЛДЕТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮНҮН ИЛДЕТТЕРИ – илдет пайда кылуучу себептердин (илдет козгогучтар, айлана‑чөйрөнүн ыңгайсыз шарты ж. б.) таасиринен өсүмдүк функциясынын (фо­тосинтез, дем алуу ж. б.) жана организм (клет­ка жана ткань) түзүлүшүнүн бузулушу. Өсүмдүк илдети жугуштуу жана жугушсуз деп 2 топко бөлүнөт. Жугуштуу илдетти фитопатогендик организмдер, козу карын, бактерия, вирус, не­матода, гүл мителери пайда кылат. Илдет коз­гогуч илдеттүү өсүмдүктөн таза (илдетсиз) өсүмдүккө жаныбар, шамал, суу ж. б. аркылуу жугат (к. Өсүмдүктөрдүн вирустуу илдети. Өсүмдүктөрдүн бактерия илдети). Жугушсуз, физиол. илдеттерди сырткы чөйрөнүн ыңгайсыз шарттары (минералдык азыктануу режиминин бузулушу, темп‑ранын кескин өзгөрүшү, ным­дын ашыкча же тартыш болушу ж. б.) пайда кылат. Илдет өсүмдүктүн тигил же бул органы­нын айрым чектелүү гана жерин, ал эми кээ бири өсүмдүктү бүтүндөй жабыркатып, өнөкөт же циклдүү өтөт. Илдеттин пайда болушу, күчөшү, таралышы илдет козгогучту өсүмдүктүн кабыл алышына жана шартка жараша болот. Өсүм­дүктүн айрым жериндеги илдет (жерг. илдет), ошол өсүмдүктүн коргонуу реакциясынын турук­туулугуна байланыштуу. Диффузиялык (жал­пы) илдет өсүмдүктүн коргонуу реакциясы жак­шы туруштук бере албаган учурда өөрчүйт, мын­дай илдеттерге вирустуу мозаика, чирик ж. б. кирет. Өсүмдүктү илдеттен сактоодо алдын ала көрүлгөн иш‑чаралар, өсүмдүк карантини чечүү­чү мааниге ээ болуп, илдеттин пайда болуу, өрчүү жана таралуу коркунучунан сактайт же кыйла даражада токтотот, мис., үрөндү хим. жол менен ууландыруу, өсүмдүккө химикат чачуу ж. б. иш­тер жалбырак, мөмө‑жемиштерди илдеттен гана эмес, илдетти таза өсүмдүккө жуктурбоону ал­дын алат. Агротех., хим. ж. б. коргоо каражат­тарын колдонуу түшүмдүн илдеттен коромжуга учурашын азайтат. Өсүмдүктүн илдетке турук­туу сортторун эгүү да жакшы натыйжа берет. Ад.: Черемисинов Н. А. Общая патология растений, 2 изд. М., 1973; Роберте Д. А. Основы защиты растений. М., 1981.