АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:12, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА МАШИНАЛАРЫ – айыл чарба өсүмдү­гүн өстүрүүдө, мал асыроодо, өсүмдүк жанa мал азык‑түлүгүн алууда, даярдоодо, ошондой эле суу жана мелиорациялык курулуш, токой чарба жумуш­тарын аткарууда колдонулуучу техникалык каражат­тар. Аларды куруу 19‑кылымдын башында Англия­да, кийинчерээк АКШда, Францияда, 20‑кылымдан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өнүгө баштаган. Ага чейин 1655‑жылы орустун ойлоп табуучулары А. Терентьев ж‑a М. Крик суу менен иштөөчү эгин бастыргычты, 1759‑жылы И. Ползунов буу кый­мылдаткычын ойлоп тапкан. 1844‑жылы И. Кобы­ленский картөшкө жыйноочу машинаны жаса­ган. Биринчи чөп чапкычты А. Хейрин (1852), эгин жыйноочу комбайнды алгач агроном Власенко (1868), ал эми 1871‑жылы Р. Глинков кендир токуучу түзүлүштү ойлоп тапкан. Бирин­чи каз тамандуу тракторду Ф. Блинов ишке кир­гизген (1888). Азыркы учурда айыл чарбада жөнөкөй курал‑шаймандан баштап тармактык жогорку компьютерлешкен инновациялык‑маалымат­тык технологиялар колдонулууда. Алар айыл чарба өндүрүшүн комплекстүү механикалаштыруу үчүн машиналар системасынын негизинде жасалып чыгарылат. Машиналар системасы өсүмдүк өс­түрүүчүлүк, мал чарбасы, мелиорация, токой жанa талаачылык, токой өстүрүү багытында тү­зүлөт. Айыл чарба машиналары арналышы боюнча топурак иш­тетүүчү, үрөн себүүчү жанa көчөт отургузуучу, жер семирткич чачуучу, өсүмдүктү илдет менен зыян­кечтен коргоочу, тоют даярдоочу, дан эгинин оруп‑жыйноочу жанa иштетүүчү, жүгөрү, жашыл­ча, азык тамырлуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, жый­ноочу, сугат жанa мелиорация тармагында, то­койчулукта, мал чарбасында колдонулуучу ма­шиналар болуп айырмаланат. Азыркы учурда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылуучу Айыл чарба машиналары жасалууда. Аларга өзү жүрүүчү эгин чабуучу комбайндар, чөп чапкычтар, пахта жыйноочу машиналар, кант кызылчасы менен жүгөрү жый­ноочу комбайндар, мал чарбасын механикалаш­тыруучу машиналар жанa жабдуулар кирет. Айыл чарба машиналары – энергетикалык (тракторлор, өзү жүрүүчү шассилер жанa жылуулук берүүчү кыймылдат­кычтар) жанa технологиялык комбайндар, жер иштетүүчү машиналар жанa механизмдер болуп эки багыт­та иштейт.

Т. Орозалиев, Ы. Осмонов.