АЙТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:43, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТ – мусулмандардын эң кадырлуу майрамы: О р о з о А. – рамазан айында мусулмандык парз – отуз күндүк орозо тутуу аяктаган соң, орозонун урматына майрамдалат. Орозо А‑ты ид ал‑Фитр (ар.), рамазан‑байрам (татарча), шекер‑байрамы (түркчө) деп да аташат. А. ал­дында ай башы (арапа, четтик) күнү эртеси май­рамдала турган А‑ка даярдык көрүлүп, «жыт чыгарышат». Кыргыздар боорсок бышырып, айрымдары мал союп, камынышат. Эртеси му­сулмандар таң эртеңден жакын жердеги мечит­терге (Бишкекте аянтка) чогулуп, салтанаттуу «Айт намазы» окулат. Намаз окулуп бүткөндөн кийин А. майрамы башталат. Мусулмандар: «Орозоңуз кабыл болсун, айтыңыз маарек бол­сун!» – деп, бири‑бирин куттукташат. Ал күнү ар бир үйдө дүр‑дүйүм тамак‑аш коюлган дас­торкон жайылып, үй ээлери А‑тап келгендерди жылуу маанайда тосушат. Келгендер ал үйдүн көзү өткөн жакындарына, ата‑бабаларынын арбагына багыштап куран окушуп, үй ээлерине жакшылык тилеп кетишет. Орозо А. 3—4 күнгө созулуп, бей‑бечараларга битир, садага беришет. Бул майрам «кичи» майрам деп аталганына карабастан, эл ичинде өтө ардакталып, зор сал­танат менен майрамдалат. 2) К у р м а н А.— мусулмандардын өзгөчө маанилүү майрамдары­нын бири. Орозо А‑тан 70 күн өткөндөн кийин 3–4 күн майрамдалат. Курман А. – ид ал‑Адха, ид ал‑курбан (ар.), курбан байрам (татарча) деп да аталат. Курман А. күнү Мекеге ажылыкка баргандар Мина өрөөнүндө Ибрагим пайгам­бардын курмандыгын эскерүү иретинде курман­дыкка чалуу расмисин (ажылыктын акыркы күнү) аткарышат. Аны ажылыкка баргандар гана эмес, о. эле колунда бар ар бир мусулман бул күнү бир жандыкты курмандыкка чалуусу (бир киши 1 кой, бир нече киши бир бодо же төө ж. б.) керек деп эсептелет. Курмандыкка чалына турган мал кемтиксиз болуусу абзел. Мал союп жаткан адам кыбыланы карап: такбир (3 ирет), басмалу, кайрадан такбир (3 ирет), салат ала‑н‑наби деген сөздөрдү айтып, Алладан курмандыкты кабыл алуусун суранат. Союлган мал этинин үчтөн бири майрамдык тамак‑аш даярдоого жумшалып, калганы таркатылат. Курман А. күнү атайын майрамдык куран окулат .

                                                                                  А.	Кубатова.