АЙРАН-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:28, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙРАН-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дары­ланууга жана ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Москва районунда, Ак‑Суу кыштагынан 30 км түштүктө, Ак‑Суу (Жар‑Таш) минералдуу суусунан 3 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Алгачкы геологиялык маалымат 1956‑жылы берилген. Суу аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон кум­дук, акиташ теги, сланец түзөт. Минералдуу суу булактары түндүк-чыгышка карай созулуп жаткан тектоникалык жаракадан булак түрүндө агып чыгат. Суу муздак (7°-10°С), тунук, жытсыз, кычккыл даамдуу, көмүр кычкыл газдуу (С02­500 мг/л). Аз минералдашкан (0,4‑0,6 г/л), ку­рамы гидрокарбонат‑сульфат‑кальций‑маг­нийлүү. Булактын чыгымы 1 л/сек. Микроком­поненттерден Ак‑Суу минералдуу суусуна кара­ганда молибден эки эсе көп (0,011 мг/л), фтор 0,35 мг/л. Суусундук катары ичсе болот.