АЙНЕК ИШТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙНЕК ИШТЕРИ– имараттардын терезе, каал­галарын айнектөө. Курулушта терезе айнеги, арматуралуу, саймалуу, түстүү, чыңалган айнектер жана айнек блоктору колдонулат. Бул иш айнекти керектүү өлчөмдө кесүү, аны терезеге, каалгага ж. б. жарык кирүүчү оюктардын ал­кактарына орнотуудан, бекитүүдөн, тазалоодон турат. Кадимки айнектин калыңд. 2, 3, 4, 5 жана 6 мм болот. Мында айнектен башка негизги материал катары олифте даярдалган бор жыл­чык шыбагы (замаскасы), минералдык майлар­да жасалган битумдуу жана темир же коргошун суригинде жасалган белила жылчык шыбагы пайдаланылат.