АЙМАНБЕТОВ Миңбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЙМАНБЕТОВ Миңбай (1930, Нарын обл., Коч­кор р‑ну, Ак‑Жар кыш.– 1997, Бишкек) – медицина илимд. доктору (1971), проф. (1972). Кыргыз ССРинин илим жана техника б‑ча мамл. сыйл. лауреаты (1984), КРдин эмг. сиң. врачы (1995). КММИни (1954), аспирантурасын (1957) бүтүргөн, ошол эле жерде ассистент (1957‑66), улук ил. кызматкер (1966‑68), доцент (1968‑72) болуп иштеген. Негизинен органдар менен ткандар­дын регенерация жана трансплантация пробле­маларын изилдеген. Эмг.: Регенерация нервов. Ф., 1960; Трансплантация и регенерация органа. Ф., 1975; Проблемы эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1989; Биологическая несовместимость при гемотрансплантации периферического нерва. М., 1971.