АЗЫК ТОРЧОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:17, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗЫК ТОРЧОСУ – жаратылыштагы түр аралык трофик (азык) мамилелери. Адатта ар бир түрдүн азыгынын курамын бир эмес, бир канча түрлөр түзүп, ошол эле учурда өзү да башка бир канча түрлөргө азык болот. Биоценоздогу азык байланышы же А. т. организмдерди бири бири­не энергетикалык жактан көз каранды кылып, биоценоз системасынын туруктуулугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ. А. т. канчалык жыш болсо, биоценоздун туруктуулугу ошончолук жогору. О. эле биоценоздогу А. т‑н түзгөн орга­низмдер сан жана сапаттык жактан белгилүү бир катышта болуп, бири бирине көз каранды. Эгерде бир түрдүн саны азайып же көбөйүп кетсе, анда экинчи бир түрдүн да саны азаят же көбөйөт. Мис., жырткыч энтомофаг жаныбар­лардын санынын азайышы менен фитофаг курт­кумурскалардын саны көбөйө баштайт. Антке­ни, энтомофагдар фитофаг жаныбарлары менен азыктанып, ар дайым алардын санын жөнгө салып турат. Ошондуктан биоценоздо түр канчалык көп болсо, торчо да ошончолук жыш болуп, биоценоз ошончолук туруктуу болот. Эгерде биоценоздо бир түр азайып же жок болуп баратса, анда ошол эле биоценоздо анын ордун башка түрлөр ээлеп, функциясын аткара берет.