АЗЕРБАЙЖАН
АЗЕРБАЙЖАН, Азербайжан Республикасы – Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Дагстан, түн.-батышынан Грузия, түш.-батышынан Армения жана Түркия, түштүгүнөн Иран менен чектешет. Чыгышын Каспий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң км2. Калкы 9,8 млн (2015). Борбору – Баку ш. Акча бирдиги – манат. Курамында Нахичеван Автономия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу, 66 район, 65 шаар, 122 шаарча бар.
Мамлекеттик түзүлүшү.
А – унитардык мамлекет. А‑дын Конституциясы 12. 11. 1995‑ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы – премьер-министр жетектеген өкмөт (министрлер Кабинети). Премьер‑министр Милли межлистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат.
A‑да көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокоммунисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.
Табияты.
А‑дын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичикавказ тоолору, алардын аралыгында Кура‑Аракс ойдуңу, түш.-чыгышында Талыш тоолору (бийикт. 2477 м) жана Ленкоран ойдуңу, түштүгүндө Орто Араке ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) жана Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарым аралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгайлуу бухталары: Кызыл‑Агач, Баку; ири аралдары: Апшерон архипелагында – Жилой жана Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Баку архипелагында майда аралдар бар. Апшерон
ж. а., Апшерон, Баку архипелагдары, Кура ойдуңу нефть жана газга бай; темир, алюминий (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), сымап, кобальт, коргошун, цинк, молибден, таш туз (Нахичеван), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар, дары баткак жана дарылык нефть (Нафталан) кендери бар. Өлкө негизинен субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо темп‑расы 14,5°Сден (түздүктөрдө) 0°Сге чейин (тоолордо) өзгөрөт. Январдын орт. темп‑расы түздүктөрүндө 0°...–3°С; тоолуу аймактарында –3...–6°Сге, бийик тоолорунда –10°Сге чейин. Абс. мин. –30°С (Нахичеван ойдуңунда, бийик тоолордо). Июлдун орт. темп‑расы ойдуңдарда 25–27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Абс. максимуму 40–43°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны ойдуңдарда 200–300 мм, тоо этектери менен жапыз тоолордо 300–900 мм, Ленкоран ойдуңунда 1200–1400 ммге (кээде 1700– 1800 ммге) жетет. Эң ири дарыялары – Кура
(мында Мингечаур ГЭСи жана суу сактагычы бар) жана Аракс. Ири көлдөрү: Гажикабул (аянты 15,5 км2), Беюкшор (10,3 км2). Кавказдагы эң кооз көл – Гөйкөл. Түзөң бөлүгүндө негизинен боз топурак үстөмдүк кылат; тоо капталдарына коңур жана күрөң тоо‑токой, тоо‑шалбаа, Ленкоран ойдуңуна сары топурактар мүнөздүү. Кургак талаа, жарым чөл (шыбак, бетеге, эфемер, бийик тоолуу субальп, альп), шалбаа өсүмдүктөрү, тоолорунда жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, граб ж. б.), Талыш тоолорунун этектеринде каштан эмени, курма, катраңкы өсөт. А‑дын аймагында 14 корук бар; алардын ирилери: Гөйкөл (1925‑жылдан иштейт), Кызыл-Агач (Кура д‑нын чатында, куштар кыштап өтөт), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гиркан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж. б. Өлкөнүн экол. абалы жылдан жылга оорлошууда. Айлана‑чөйрөнү булгоочу негизги булак нефть казып алуу жана ажыратуу, металлургия, хим. өнөр жайы, тоо-кен комбинаты, о. эле кургакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий деңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү жана нефть, нефть продуктулары менен булганышы табиятка терс таасирин тийгизүүдө.
Кура жана Араке д‑нда фенол менен оор темирдин концентраты өтө (ККЧ 15_25 эсе) жогору.
Калкы.
Өлкөнүн негизги калкы азербайжандар (азерилер, 91,6%), о. эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болгонуна карабастан кийинки кездери азербайжан-армян кагылышуусунун натыйжасында кошуна Армениядан келген азербайжан‑качкындарынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жактарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 94,1 киши. Шаар калкы 56%. Ислам динин тутат (62% мусулман‑шеиттер, 26% мусулман‑сүнөттөр). Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 69,5, аялдарыныкы – 74,5 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, Али‑Байрамлы, Нахичеван. Жерг. калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.
Тарыхы. Азыркы А‑дын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Б. з. ч. 9‑к‑да пайда болгон Ман мамлекетинде чарба жана мад‑ты бир кыйла дурус өнүгүп, узак убакыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол салууларына туруштук берип келген. Б. з. ч. 7‑к‑да түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империялардын бирине айланат да, Ман анын курамына кирип, негизги маданий борборго айланган. Б. з. ч. 6‑к‑дын ортосунда Мидияны Персия басып алып, бийлик Ахемениддер династиясынын колуна өтөт. Жерг. калк аларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахемениддерди Македонскийдин аскерлери талкалагандан кийин (б. з. ч. 4‑к‑дын аягы), A‑да мамлекеттүүлүк калыбына келтирилет. Бул мамл. түзүлүш Атропатена деп аталып, борбору Газак ш. болгон. Анда дыйканчылык, мал чарбасы жана кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Кийинчерээк А‑дын аймагында жана Түш. Дагстанда Албания мамлекети пайда болгон. 3–9‑к‑да өлкөгө Иран жана Араб халифаты бийлик жүргүзүп, ислам дини киргизилген. Басып алуучуларга каршы жерг. эл көтөрүлүшкөн (мис., Бабектин көтөрүлүшү). Элдик кыймылдар Араб халифатынын бийлигинин начарлашына алып келип, А‑дын аймагында 9–16‑к‑да Ширваншахтардын, Кара-Коюнлу, Ак‑Коюнлу аттуу мамлекеттери пайда болгон. Түрк урууларынын тарыхый узак мезгилдер бою (7–11‑к.) А‑га келип отурукташып, ал жердеги калк менен аралашуусунун натыйжасында байыркы жерг. тилдер колдонуудан чыгып, түрк тилинде (11–13‑к.) сүйлөгөн А. эли калыптанган. 11–14‑к‑да өлкөнү монгол‑татарлар Тимур, түрк‑селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. А‑дын тарыхында 16‑к‑дын башында түзүлгөн Сефевиддер мамлекети маанилүү роль ойноду. А. үчүн Иран жана Түркиянын ортосунда дайыма согуштук кагылышуу болуп турган. 18‑к‑дын орто ченинде А‑дын аймагында Иранга көз каранды 15 феодалдык мамлекет болгон. 1813–28‑ж. орус‑иран согушунун натыйжасында Түн. А. Россияга каратылган. Февраль рев‑ясынын кийин Бакуда кош бийлик түзүлөт: коомдук уюмдардын Аткаруу комитети (Убактылуу өкмөттүн жерг. органы) жана жумушчу депутаттардын Совети (большевиктердин көзөмөлүндөгү). Убактылуу өкмөт кулатылгандан кийин жумушчу депутаттардын Баку Совети A‑да Совет бийлигинин орнотулгандыгын жарыялаган. Мусаватчылардын куралдуу көтөрүлүшү басылган соң Баку эл комиссарлар Совети (Баку коммунасы) түзүлгөн. 31. 7. 1918‑ж. Бакуда бийлик Борб. Каспий өкмөтүнө өткөн. Сентябрда түрк жана азербайжан аскер бөлүктөрүнөн турган Кавказ ислам армиясы Борб. Каспий өкмөтүн кулатып, 28. 5. 1918‑ж. түрктөрдүн колдоосуна таянган мусаватчылар борбору Гянжа болгон Азербайжан Демокр. Республикасын (АДР) жарыялаган.
1920‑ж. Париж (Версаль) конф‑ясында АДРдин көз каранды эместиги ж‑дө де‑факто таанылат. Бирок Советтик Россия АДРдин легитимдүүлүгүн тааныгандан баш тарткан. 1920‑ж. апрелде англис аскерлери А‑дан чыгарылгандан кийин Бакуга Кызыл Армия кирген жана Н. Нариманов жетектеген Азербайжан ССРи түзүлгөн. 13. 12. 1922‑ж. А., Грузия жана Армения Закавказье Советтик Федерация Социалисттик Рес‑на бириккен жана 30. 12. 1922‑ж. СССРдин курамына кирген. 1936–91‑ж. А. союздук респ. катары СССРдин курамында болгон. 1991‑ж. августта А. көз каранды эмес респ. катары жарыяланган. Ошол эле жылы А. А. Муталибов А‑дын президенти болуп шайланган. 1991‑ж. оппозиция тарабынан ал бийликтен четтетилип, анын ордуна А. Эльчибей шайлоодо жеңишке жетишкен. 1991‑жылдан Тоолуу Карабахтагы армян‑азербайжан ортосундагы чыр‑чатактардын күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө бир топ татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий жана экон. кризиске алып келген. 1993‑ж. июнь айында ал Бакудан качып кеткен жана мунун натыйжасында президент бийликтен четтетилген. 1993‑ж. Г. Алиев президенттикке шайланган. Анын тушунда саясий жана экон. кырдаал бир топ жакшырып, Россия, Түркия жана батыш өлкөлөрү менен байланыштар чыңдалган. 2003‑ж. 15‑октябрда президенттик шайлоодо жеңишке Г. Алиевдин уулу Ильхам Алиев ээ болуп, ал 79,46% добуш алган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Эртеси күнү президенттикке талапкерлердин бири, Мусават партиясынын лидери Иса Гамбардын үч миңден ашуун жактоочулары борб. аянтка чыгышкан. Окуя болгон жерге ички аскерлердин полку келип, алар менен кагылышып, натыйжада курмандыктар болгон. 2008‑ж. И. Алиев экинчи, 2013‑ж. үчүнчү жолу президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. И. Алиевдин тушунда өлкөнүн экономикасы 2,6 эсеге, өнөр жай өндүрүшү 2,5 эсеге өсүп, 770 миңге жакын жаңы жумуш орундары пайда болду, жакырчылыктын деңгээли 49дан 13,2% га чейин төмөндөдү, бюджеттин чыгымдары 12 эседен ашык көбөйдү. 2006–07‑ж. Каспий мунайын Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын Жейхан портуна жана Түш. Кавказ газ түтүгүнө (Баку‑Тбилиси‑Эрзурум) ташуу үчүн Баку‑Тбилиси‑Жейхан мунай кууру ишке киргизилди. 2017‑жылдын 30‑октябрында Баку‑Тбилиси‑Карс (БТК) темир жол линиясынын расмий ачылыш аземи болуп, ага И. Алиев, Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдоган жана Грузиянын премьер‑министри Г. Квирикашвили катышты. Бакуда өткөрүлгөн спорттук мелдештер: күрөш б‑ча дүйнөлүк чемпионат (2007), бокс (2011), о. эле Евровидение ыр сынагы (2012), биринчи жолу болуп өткөн Европа оюндары (2015) ж. б. өлкөнүн эл аралык кадыр‑баркын көтөрүүгө багытталган. А‑дын тышкы саясатында Тоолуу Карабак негизги маселелерден. 2008‑ж. ноябрда Түш. Кавказдагы кырдаалды жакшыртуу боюнча А., Армения жана Россиянын Президенттери биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бирок 2020‑ж‑дын 27‑сентябрында Тоолуу Карабакта куралдуу кагылышуулар болуп, ал ошол эле жылдын 10‑ноябрына чейин уланган. А‑дын Президенти, Армениянын Премьер‑министри жана Россиянын Президенти 10‑ноябрдан тартып ок атышууну токтотуу ж‑дө декларацияга кол коюшуп, биргелешип иш алып барышты. Согуш учурунда 5 шаар (Жебраил, Физули, Зангилан, Губадли, Шуша), 4 кыштак жана 240 айыл А. армиясынын көзөмөлүнө өткөн.
Экономикасы.
А. – агрардык‑индустриалуу өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДПде) өнөр жайынын үлүшү 38%, айыл жана балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). ИДПнин көлөмү 98,8 млрд долларды (АКШ, 2012) түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 7399 доллардан туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы – нефть казып алуу жана иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар – А. мамл. нефть компаниясы (ГНАКР) жана Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Баку ш‑нын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003‑ж. 15,4 млн т нефть казылып алынып, 9,1 млн тсы экспорттолгон; 5,1 млрд м3
газ (ири кени Шах‑Деңиз) өндүрүлгөн. Нефть Россияньш (мурдагы Баку – Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) жана Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003‑ж. 21,3 млрд кВт‑с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 88% жылуулук станцияларына (мазут, газ менен иштейт; ири станциялары: Мингечаур, Али‑Байрамлы) жана 13% ГЭСке (Шамхор, Мингечаур –- Кура д‑нда) туура келет. Нефть жана газдын базасында хим. өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, пропилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат). Машина куруу өнөр жайы нефть-газ жана нефть‑хим. тармактары (стационардык жана калкыма бургу платформалары) үчүн жабдууларды даярдоого адистешкен. Электр‑тех., прибор (чакан трансформаторлор, кабель продукциялары, муздаткыч) жана кеме куруу ишканалары иштейт; ири борборлору: Баку, Сумгаит, Мингечаур, Гянжа. Кара металлургиянын негизги ишканалары: Азербайжан тоо-кен комбинаты (Дашкесан), Даш‑Салах ишканасы (бентонит), Баку болот куюу жана болот арматурасын чыгаруучу з‑ддор; түстүү металлургиянын негизги тармагы – алюминий өнөр жайы (Гянжадагы глинозём, Сумгаиттеги алюминий ж. б.). Жеңил өнөр жайынын негизги тармактары пахта тазалоо (Агдаш, Барда, Сабирабад, Али‑Байрамалы ж. б.), накта жибек (Шеки, Ордубад, Ханкенди), кебез‑кездеме, килем токуу (Шуша, Шемаха, Казах ж. б.). Тамак‑аш өнөр жайынан ун, май‑сыр жана консерва даярдоочу тармактарынан сырткары мөмө‑жемишти кайра иштетүү (Баку, Шамкир, Гянжа, Ханлар, Акста-
фа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), о. эле чай (Ленкоран, Астара, Масалды) жана тамеки өндүрүштөрү (Евлах, Белоканы) өнүккөн. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 80% ке жакыны Апшерон экон. районунда (Баку, Сумгаитте) өндүрүлөт. Айыл чарба продуктусунун 97% и фермер жана жеке чарбаларда өндүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4,8 млн га (өлкөнүн аймагынын 55% и), анын 1,8 млн гасы айдоо жер, 2,7 млн гадан ашыгы жайыт жана чабынды. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), айрым жерлеринде – шалы жана тех. өсүмдүктөр (пахта – Кура‑Аракс өрөөнүндө, тамеки – негизинен өлкөнүн түндүгүнөн, чай – Каспий деңизинин жээгинде жана Ленкоран ойдуңунда; күн карама ж. б.), жашылча‑жемиш, картөшкө айдалат. Куба‑Хачмас р‑нунда Апшерон ж. а., Ленкоран жана Кура‑Аракс ойдундарында багбанчылык (алма, алмурут, айва, өрүк, алча, шабдаалы, фундук, жаңгак ж.б.), жашылчачылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Нахичеван Автономия Респ., Тоолуу Карабах тарыхый облусу субтропик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (анар, анжир, бадам, курма) адистештирилген. Тоолуу аймактарында кой чарбасы, тоо этектеринде аары чарбасы, Кура‑Аракс өрөөнүндө, Чоң Кавказда жибекчилик өнүккөн. Уй,. буйвол, жылкы асыралат.
Үй кушу багылат. Транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун уз. 59,1 миң км (анын 1/2 бөлүгү асфальтталган; 2004), темир жолунуку 2,9 миң км (2009). Негизги темир жол түйүндөрү: Баку, Балажары, Алят, Гянжа, Нахичеван. Башкы порту – Баку (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан менен Иранга жөнөтүлөт), темир жол парому аркылуу Каспий деңизинин чыгыш жээги (Түркмөнбашы, Актау, Бекдаш) менен байланышат. Кура д‑нда кеме жүрөт. Аба транспорту да жакшы өнүккөн. Эл аралык Бина (Бакудан 25 км) жана Нахичеван аэропорттору бар. Нефть куурунун уз. 1415 км (Баку – Батуми, Али – Байрамлы-Баку), газ куурунуку 2896 км (Карадаг – Сумгаит, Али‑Байрамлы Карадаг). Курорттору: Истису, Нафталан, Апшерон курорттор тобу ж. б. Сыртка нефть жана нефть продукциясы, түстүү металл, пахта, азык‑түлүк чыгарып, сырттан машина жана машина жабдууларын, өнөр жай сырьёлорун ж.б. алат. Негизги сырткы соода шериктери: КМШ, Европа шериктеш өлкөлөрү, Түркия, Иран.
Маданияты. A‑да алгачкы мектептер 5‑к‑да пайда болгон. 7‑к‑да араб мектептери, 1011‑к‑да медреселер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө А‑дын билим берүү системасы 1992‑жылкы билим берүү мыйзамы (1994, 95, 97, 99‑ж. редакцияланган) б‑ча жүзөгө ашууда. Респ‑да 1777 мектепке чейинки мекемелер (бала бакча), 4554 жалпы билим берүүчү мектептер, 110 кесиптик тех. окуу жайлар жана лицейлер, 68 кесиптик орто окуу жайлар, 405 мектептен тышкары мекемелер жана 57 (анын ичинде 32 мамл., 24 министрликке караштуу) ЖОЖ бар (2004). A‑да билим берүү акысыз жана контракт жолу менен жүргүзүлөт. Бардык билим берүү тармактарына бирдей мамл. стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ири ЖОЖнун өзөгүн Баку мамл. ун‑ти (1919‑ж. негизделген), А. мед. ун‑ти (1930) ж. б., Баку, Сумгаит, Ленкоран, Гянжа, Нахичеван ш‑ндагы ун‑ттер, 10 академия түзөт. Мамл. эмес ЖОЖ: «Азербайжан», «Азия», «Хазар», «Тефеккюр», «Одлар», «Юрду» жана Азербайжан эл аралык ун‑ти ж. б. М. Ф. Ахундов атн. мамл. китепкана (1923), АИАга борб. китепканасы, АИА караштуу тарых, Р. Мустафаев атн. иск‑во жана Низами атн. А. көркөм ад‑т музейлери бар.
A‑да басма сөз 19‑к‑дын 30‑ж‑нда башталган. Азыркы учурда 600дөй коомдук‑саясий гезит, журналдар азербайжан («Республика», «Халг гезити», «Ачыг Сёз», «Шарг»), орус («Бакинский рабочий», «Эхо», «Зеркало», «Содружество») жана англис тилдеринде («Каспиан бизнес ньюс», «Азери тайме», «Баку сан») чыгат (2004). Ири маалымат агентчиликтери («Туран», «Тренд», «Медиа‑пресс»), мамл. телекөрсөтүү («Аз‑ТиВи»), мамл. радиоуктуруу («Республика», «Араз») жана көз каранды эмес телерадиокомпаниялар (ириси – АНС) иштейт.
А‑дын ад‑ты байыркы бай ад‑ттын бири. Анда миңдеген жылдар бою айтылып келе жаткан эмгек, өз ара мамилелер, үрп‑адат ж‑дөгү ырлар, макал‑лакаптар, сатиралык аңгемелер элдин ой-тилектерин чагылдырат. А. элинин элдик оозеки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү түрк элдеринин байыркы ири адабий эстелиги Махмуд Кашгаринин «Диван‑и‑лугат‑ат‑түрк» деген сөздүгүндө кездешет. Жазма ад‑ты Жакынкы Чыгыштын таасиринде 7‑11‑к‑да араб тилинде, 10‑13‑к‑да фарсы тилинде өнүккөн. 1011‑к‑да араб тилинде жазган белгилүү Багдад акындары – Абу‑ль‑Ала Гянжеви (акындардын «паашасы» титулунун ээси), Хагани, Фелеки Ширванинин улуту азербайжан болгон. Алардын эң көрүнүктүүсү акын‑гуманист Низами Гянжевинин чыгармалары менен Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын акындары таасирленишкен. A‑да улуттук тилде жазуу 13‑14‑к‑да пайда болуп, «Гасаноглы» казалы жана «Китаби Деде Коркуд» эпикалык чыгармасы азербайжан ти линде жазылган. Несиминин лирикасы А. тилиндеги чоң диван‑жыйнактарына кирген. Ал эми поэзиянын өнүгүшү Физулинин ысымы менен байланыштуу. Анын казалдары жана лирика- эпикалык «Лейли‑Межнун» поэмасы (1537) А‑дын адабий тилинин калыптанышында чоң роль ойногон. А. элинин баатырдык‑романтикалык поэмалары менен дастандары («Көроглы», «Ашик Гариб», «Асли жана Керем» ж. б.) жарык көргөн. 18‑к‑дын акындарынын чыгармаларында (Видади, Нишата Ширвани, Ага Масиха Ширвани, өзгөчө Карабах хандыгынын мамл. ишмери жана акыны Вагиф) ырдын формасы жана тили жөнөкөйлөшүп, 19‑к‑да классикалык поэзия өнүгө баштайт. Ага А. Бакихановдун прозасы, Закирдин социал. сатирасы жол ачкан. А. драматургиясына негиз салуучу М. Ф. Ахундов биринчилерден болуп азербайжан ад‑тын орус ад‑ты менен байланыштырган. Анын «Алданган жылдыздар» (1857) жана өз учурундагы коомдун кулк‑мүнөзүн чагылдырган 6 пьесасы А. ад‑тынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. 20-к‑дагы улуттук коомдук аң‑сезимдин өсүшү ад‑тта өзгөчө орунду ээледи. Улуттук тилде мектептер ачылып, гезит, журналдар («ШаркиРус», «Хаят» гезиттери; «Молла Насреддин», «Фиюзат» ж. б.) жарык көрө баштады. 192080‑ж. А. ад‑ты көп кырдуулугу менен айырмаланат. Айрыкча Мюшфиканын, С. Вургунанын, Р. Рзанын, Б. Вагабзаденин, Наби Хазринин (Бабаева) жана Мамед Аризанын поэзиясы жо горку чеберчиликте берилип, орус классикасынын котормолору А. тилинде жарык көргөн. 21-к‑дын башында А. элинин руханий байлыгы болгон ад‑ты толугу менен калыбына келтирилип, мурда жарык көрбөгөн акындардын, прозаиктердин Ахмед Жавад, И. Алмасзаде, Алибек Гусейнзаде, У. Банин ж. б‑дын чыгар малары басылууда жана А. ад‑тынын тарыхы кайрадан каралып чыгууда.
А‑дын аймагында көптөгөн байыркы арх‑ра жана сүрөт иск‑восунун эстеликтери сакталган. Өлкөнүн аймагында байыркы тарыхый эстеликтердин өзөгүн б.з.ч. 8‑5 миң жылдыкка таандык (Кобустан) аска бетиндеги сүрөттөрү, менгирлер (мегалит курулмалардын жөнөкөй түрлөрү), дольмендер (мегалит көрүстөндөрү), кромлехилер, зооморфтуу карапа идиштер, таштан, чоподон жасалган эстеликтер жана энеолит доорунун колодон жасалган жасалгалары түзөт. Кичи Кавказдын этегинде Нахичеван Автономия Респ‑нын аймагында б.з.ч. 1 миң жылдыктын эбегейсиз зор курулмаларынын калдыктары сакталган. Б.з.ч. 5‑4‑к‑дагы А. тарыхый эс теликтери Ахеменид мамлекетинин мад‑тына түспөлдөш болуп, б.з.ч. 4‑к‑дын аягында Атропатен мад‑тына баш баккан. Буга 5‑7‑к‑дагы
тарыхый эстеликтер (Чирах‑Кала сепили; Кум, Ленит, Мингечаурдагы христиан храмдары), скульптуралар күбө. А‑дын о. кылымдын башындагы мад‑ты Албаниянын, Армениянын жана Грузиянын мад‑тына байланышы бар экендигин айгинелейт. A‑да 7‑8‑к‑да ислам динин кабыл алышы менен ар түрдүү мусулман мад‑тынын курулмалары (мечит, медресе, күмбөз ж. б.) жаралган. 9‑к‑дын 2‑жарымында 10‑к‑дын башында араб халифатынын кулашы көптөгөн майда мамлекеттердин борборлорунда ислам арх‑расынын орнаментинин жана каллиграфиясынын жеке менчик мектептеринин (12‑13‑к.) пайда болушуна алып келген. Буга Бакудагы Кыздар мунарасы (Кыз калаасы, 12‑к.), Жугадагы жана Нахичеван күмбөздөрү, Мардакян, Нардаран, Пирсагат суусунун боюнда, Ханегидеги сепилдер (14‑16‑к.), мавзолейлер, монумент кескилеринин үлгүлөрү, Байлакандын жана Гянжинин керамика жазуулары ж. б. күбө. 19‑к‑дын 1-жарымында А. мад‑ты орус жана батыш Европа мамлекетинин мад‑тынан таасирленип, арх‑рада классицизм, 19‑20‑к‑дан эклектика жана модерн стилдери үстөмдүк кылган. 1923‑ж. 1‑жолу Баку ш‑нын генпланы бекитилип, эски шаардын түзүлүшү өзгөрүүгө дуушарланган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин улуттук стилде үйлөрдү жасалгалоодо (арх. Л. В. Руднер, В. О. Мунц ж. б.) жерг. курулуш материалдарын колдонушкан. 1960‑ж. индустриалдык курулуш күч алып, жаңы типтеги коомдук курулуштар (стадион, цирк, дүрдүйнө дүкөндөрү ж. б.) пайда болгон. А‑дын сүрөт өнөрү
(М. К. Эривани, М. М. Навваб, У. Г. Карабаги, А. А. Азимзаде, Б. Ш. Кенгерли) реалдуу багытта өнүгө баштаган. 1920‑30‑ж. сүрөтчүлөр (С. А. Саламзаде, К. Ханларов, Г. А. Халыков, Ш. Мангасаров) француз сүрөтчүлөрүнөн үлгү алышкан. 1930-жылдын жарымынан сүрөт иск‑восу социал.-реализм багытында (М. Абдуллаев, Н. Касумов, П. В. Сабсай, Д. М. Карягды) өнүгө баштаган.
1970‑ж. аягынан сүрөтчүлөр символ менен метафораларды кеңири колдонушкан. Азыркы учурда (20‑21‑к.) сүрөтчүлөр жеке
көргөзмөлөрүн уюштуруп, сүрөт коомдорун (Бакудагы иск‑во борб.; У. Ахвердиев, Э. Алимирзоев ж. б.) түзүүдө. А‑дын сүрөт иск‑восуна А. Жафаров, Т. Нариманбеков, С. Бах л ул заде, А. Рзакулиев көрүнүктүү салымдарын кошкон.
А. элдик музыкасы эмгек, элдик салтанат, диний үрп‑адат, каада‑салт менен тыгыз байланыштуу. Байыркы музыкасы Кобулстандагы аска бетиндеги сүрөттөрдөн (музыканттар менен бийчилердин сүрөтүнөн) көрүнүп турат. Улуттук музыка формасы жана жанрынын ар түрдүүлүгү менен айырмаланган фольклордун негизинде өнүккөн. Муз. аспаптары – саз, канон, уд, кеманча, түтек, баламан, нагара, гоша‑нагара, дэф ж. б. А‑дын оозеки профессионалдык иск‑восун ашугдар негиздеген. Алар лирикалык ырларды жана дастандарды жаратышып, элге жайылтышкан. Ашугдардын (Гурбан, 16‑к.; Гариб, Диварганлы Аббас, Валех, 17‑18‑к.; Алескер, Нажаф‑кули, Аббас‑кули, Молла‑Жума, 19‑к.) ырлары саз аспабы менен коштолсо, мугамдар (Г. Гуси, Саттар, Жаббар Карягды, Шекили Алескер, Сеид Шушинский, Бюль‑Бюль, Зульфи Адигезалов, Хан Шушинский, А. Гасымов) вокалдык аспаптарда чеберчилик менен ойногон. 19‑к‑дын аягында ансамбль түзүлүп, алгачкы концерттеринде ашуг менен мугамдардын ырчы, бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Ал улуттук операнын жаралышына өбөлгө түзгөн. Физулинин чыгармасы
б‑ча «Межнун Лейлинин бейит башында» аттуу алгачкы опера (1908) коюлган. 20‑к‑дын башында композиторлор мектеби уюшулган. Улуттук музыканын башаты У. Гажибеков («Лейли жана Межнун», 1908, алгачкы мугам операсы) менен М. Магомаевден башталып, алар муз. окуу жайларын (Баку консерваториясы, 1921) ачылышына зор салым кошкон. Музыка дүйнөсүнө жаңы муундар – Л. Зейналлы, Ж. Гажиев, К. Караев, А. Бадалбейли, Ф. Амиров, С. Гажибеков, Р. Гажиев, Т. Кулиев, А. Меликов, А. Ализаде, Ниязи ж. б. келип кошулду. Өзгөчө ийгиликтерге музыканттар К. Караев, Р. Бейбутов, Л. Иманов, 3. Ханларова, А. Аскеров (либретто жазган); М. Р. Беннер, Г. Г. Шароев, К. Сафар‑Алиева, Р. Атакишиев, Э. На зирова, В. Мустафазаде (пианисттер) ж. б. жетишкен.
А‑дын бий өнөрү байыркы улуттук диний үрпадаттар менен (аңчылык, от, балык улоого ж. б.) байланыштуу. Өзгөчө белгилүү бийлери «таракема», «гытгылыда», «иннаби», «жейран‑бала»,
«ялла». 1938‑ж. бий коллективи уюшулган. 1940‑ж. алгачкы улуттук балет «Кыздар мунарасы» (А. Бадалбейли) коюлган. 1923‑ж. Бакуда балет студиясы уюшулуп, 1933‑ж. балет мектеби, 1936‑ж. Баку хореогр. окуу жайы ачылган. 1982‑жылдан Бакуда камералык балет иштөөдө. Балет өнөрүнө орчундуу салым кошкондор – Г. Алмасзаде, Л. Векилова, М. Мамедов, Р. Ахундова, Т. Ширалиева ж. б.
А‑дын театр иск‑восу байыркы элдик бий, оюн‑зооктордон башталып, «Саячы», «Юглама», «Коса‑Коса», «Гаравелли» аттуу улуттук драмалар коюлган. «Шах Селим», «Марат юну», «Каракөз», «Кечал пехлеван» элдик оюндардын негизинде куурчак театры жаралган. О. кылым-
да диний театр («Шабих») таралган. Улуттук тилде спектаклдер Тифлисте (1873), Кубеде (1875), Шекиде (1879), Эриваниде (1882), Шушта (1883) жана Нахичеванда (1883) коюла баштаган. 20‑к‑дын башында A‑да мусулман артисттеринин «Гамийет» труппасы менен «Нижат» жана «Сафа» агартуу коомдорунун астында театр бөлүмдөрү иштеген. 1923‑47‑ж. Бакуда М. Ф. Ахундов атн. театр мектеби иштеп, 1945‑ж. анын негизинде А. театр ин‑тту (учурда мамл. иск‑во жана мад‑т ин‑ту) ачылган. 21‑к‑дын башынан Бакуда музыкалуу комедия (орус жана А. труппалары), куурчак жана жаштар театры, панто мима театрлары, о. эле «Йуг» театры иштейт. Театр иск‑восунун өнүгүшүнө Г. Араблинский, Ж. Зейналов, М. Мамедов, М. Алвенди, И. Исфаганлы, М. Аббасов ж. б. көрүнүктүү салым кошкон.
A‑да алгачкы көркөм фильм 1916‑ж. (Г. Араблинскийдин катышуусунда «Нефть жана миллиондор дүйнөсүндө»), андан соң 1917‑ж. У. Гажибековдун «Аршин малалан» опереттасынын негизинде улуттук алгачкы кинокомедия (Ба куда) тартылган. 1923‑ж. фотокино башкармасы (учурда «Азербайжанфильм») уюшулуп, анда режиссёрлор менен актёрлор (Ж. Жабарлы, А. Кулиев, С. Марданов, С. Гажиева, А. Герайбейли, А. Мамедова, Кязим Зия ж. б.) даярдалган. Алгач үндүү фильм 1936‑жылдан баштан тартыла баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кулиевдин «Мекендин уулу» (1941), «Бахтиар» (1942) аттуу фильмдери тартылган.
1945-54‑ж. аралыгында кино өндүрүшү токтоп калган, 1947‑ж. Е. Л. Жигандын «Фаталихан» фильми тартыла баштап, ал 1959‑ж. бүткөн.
60‑ж‑дын 2‑жарымында А. киносу жандана баштап, Г. Сеидзаде, Т. Тагизаде, Т. Сейдбейли, А. Ибрагимов ж. б. режиссёрлордун кинофильмдери тартылган. Акыркы мезгилде Г. Мехтиевдин «Бөтөн бирөөнүн убактысы» (1997), Р. Пуйинин «Кыйраган көпүрө» (1997), Я. Рзаевдин «Сары кийимчен колукту» (1999), Ожагованын «Отелдеги бөлмө» (1999), Р. Ибрагимбеков жана Р. Мирзоевдин «Үй‑бүлө» аттуу фильмдери тартылды.
Цирк өнөрү алгач көчө майрамдарында коюлуп, аркан баскычтар, жылан арбагычтар, маскарапоздор, көз боёочулар, палвандар өнөр көрсөтүшкөн. Цирк өнөрүн бир тууган Никитиндер 1904‑ж. негиздешкен. 1945‑ж. цирк коллективи түзүлүп, А‑дын белгилүү композиторлору, акындары, балетмейстрлери кошо иш алып барышкан. 1967‑ж. Бакуда цирк (Европадагы эң ири, 2400 орундуу) курулган.
Ад.: Будагов Б. А. Современные естественные ландшафты Азербайджанской ССР. Баку, 1988; он же. Проблемы окружающей среды Азербайджана. Баку, 1991 (на рус. и азерб. яз); Алиев И. Г. Очерк истории Атропатены. Баку, 1989; Буниятов 3. М.
Азербайджан в VI‑IX вв. Баку. 1989; Бакыханов А.
Гюлистан и Иран. Баку, 1991; Экономическая и социальная география стран ближнего зарубежья. М., 2004. С. 255‑286; Бадалов Р. В контексте по‑истории // Территория кино; Постсоветское десятилетие. М., 2001.
Ө. Бараталиев, Б. Үсөнканов, А. Орозов, Ш. Керимова