АЖЫДААР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:59, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫДААР– мифологиялык жаныбар; элдик жомоктордо учуроочу, адамды да, айбанды оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан канаттуу, зор (кээде көп баштуу) жылан. А‑дын алгачкы образы табияттын стихиялык күчүн элестетип, адамга жакшылык да, жаман­дык да кылуучу жаныбар катары пайда болгон. Мис., «Манас» эпосунда А. суунун жана жаан‑чачындын ээси, аны пайда кыла турган күч катары баяндалат.