АДЪЕКТИВАЦИЯ
АДЪЕКТИВАЦИЯ (лат. adjectivum – сын атооч) – башка сөз түркүмдөрүнө тиешелүү сөздөрдүн сын атоочтук милдетте колдонулушу (мис., жалпылоочу маани, самаган максат, ошол окуя ж. б.). Адьективация термини көбүнесе атоочтуктарга карата колдонулат, себеби башка сөз түркүмдөрүнө караганда бул процесске этиштин атоочтук формалары көбүрөөк дуушар болот. Айрым окумуштуулар адьективацияны сөз жасоого тиешелүү кубулуш деп эсептеп, адьективацияланган лексикалык бирдиктерди сын атооч катары карашат; айрымдары аны полисемияга тиешелүү көрүнүш катары карайт; үчүнчү бир көз караш боюнча атоочтуктар адьективацияланбайт, себеби атоочтуктар этиштин өзгөчө формасы эмес. Адьективацияда сөз (же анын маанилеринин бири) сын атоочтун маанилик ж‑a грамматикалык белгилерине ээ болот да, нерсени же кубулуштун сапат белгисин көрсөтөт. Бул алардын семантикасынын өзгөчөлүктөрүнө, морфемалык курамына, зат атооч менен айкашуу жөндөмдүүлүгүнүн бекем же бошоңдугуна ж. б. байланыштуу болот.