АДРЕНАЛИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:34, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДРЕНАЛИН – бөйрөк үстүндөгү без клеткала­ры иштеп чыгуучу биол. активдүү гормон. Хим. формуласы C9H1303N, мол. салмагы 183, 21, эрүү t 216°С, оптикалык 2 изомери кездешет. Кислота менен щелочтордо, ысык сууда жакшы орг. эриткичтерде начар эрүүчү, ак түстөгү кристалл. Ал кан аркылуу органдарга тарап, канда 0,06 мкг/л жакын өлчөмдө болот, бирок адам, жаныбар катуу чочуганда, кара жумуш иште­генде же катуу сүйүнгөндө, капа болгонда анын концент‑сы бир сек-да 1000 эсеге чейин көбөйөт. Ошонун натыйжасында организм тигил же бул шартка ыңгайланышат. А‑дин гомологдору ­норадреналин, изопропиладреналин табылган. Алар организмдеги зат алмашууну жөнгө салуу менен жүрөк, кан тамыр, булчуң, ички органдардын иштешине көмөк көрсөтөт.