АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АДЕП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:58, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АДЕП (этика) – мамл. органдардын, ишканалардын жетекчилеринин жана мамл. кызматчылардын кесиптик жумушун­да жетекчиликке ала турган адеп‑ахлак баалуулуктарынын, принциптердин жана түшүнүк­төрдүн жыйындысы. Мамл. кызматчыда ке­сипкөйлүктөн тышкары, чынчылдык, мыйзам алдындагы жоопкерчилик, ишин илгерилетүүгө умтулуу, жарандарга сый мамиле кылуу, тар­типтүүлүк сыяктуу адеп‑ахлактык сапаттардын болушу талап кылынат. Өлкөдө 2001‑ж. 9‑ян­варда КРдин Президентинин Указы менен «Мам­лекеттик кызматчылардын этикасынын негиз­дери жөнүндөгү жобо» бекитилген. Жободо тө­мөнкүдөй негизги принциптер каралган: жогорку кесиптик деңгээлде милдеттерин аткаруу, жүрүм‑турум эрежелерин сактоо, сылык, чыдам­дуу, принципиалдуу болуп, маселенин маани-­маңызын жете түшүнүүгө умтулуу, каршысын уга билүү жана чечимдерди таразалап, негиздеп кабыл алуу, башка кызматчылар тарабынан адеп бузууларды көңүл кош калтырбоо, өзүнө баш ийген кызматчыны туура эмес ишке жана мыйзам бузууга түртпөө, мамл. жашырын сыр болгон кызматтык маалыматтарды жайылтпоо, башка адамдар менен жетекчисинин жана өзүнүн иш‑аракеттерин талкуулабоо, кызмат абалын өзүнүн же жакындарынын кызыкчылыгына пайдаланбоо ж. б. Мындан тышкары «Судья­лар этикасынын кодекси» кабыл алынган. Анда судьялардын жүрүм‑турум эрежелери баяндал­ган. Бекитилген этика ченемдеринин мамл. кызматчылар тарабынан бузулушу аларды кыз­маттан бошотууга негиз болот.
К. Эсенканов.