АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:47, 25 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДИСТИК БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК ТОПТОМ – мугалимдин предмет боюнча адистик теориялык жактан билимин, методикалык чеберчилигин, тар­биялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорула­тууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты. Булардын биринчи тобуна – мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары боюнча теориялык даярдык деңгээлин көтөрүүчү илимий теориялар, мыйзамдар, концепциялар, гипотезалар, методдор боюнча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар; экинчи тобуна – кай­сы бир окуу предмети боюнча билим берүүнүн жалпы проблемаларын жана анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык жана класс­тан тышкаркы окууларды уюштуруу формала­рын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү. Үчүнчү топко – айрым алынган предметтер боюнча програм­малык материалдарды окутууда конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизин­де чечүүнүн методикалык жол‑жоболору боюнча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет. Окуу топтомунун төртүнчү тобу кайсы бир предмет боюнча окуучу­лардын жалпы таанып‑билүү жана таалим‑тар­бия берүү проблемаларына, идеялык, патриот­тук, интернационалдык, эстетикалык, экономикалык, экологиялык ж. б. маселелерге арналса, бешинчи тобу сабактан тышкаркы лабороториялык-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюш­турууга арналат. Ал эми окуу хрестоматияла­ры, маалымат берүүчү сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер жана текшерүү иштеринин, баяндама жана дилбаяндардын (сочинениелердин), тексттердин жыйнактары методикалык топтомдордун алтынчы тобуна кирет. Аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалымат берүүчү көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топтомдору, сөздүктөр ж. б. деп бөлсө болот. И. Бекбоев.