АДАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:34, 29 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАТ (каада, салт, үрп‑адат) – тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө узак мезгил ичинде калып­танган, калктын көпчүлүгү үчүн өнөкөткө ай­ланып, муундан‑муунга өтүп келаткан, коом­дук пикир менен корголгон улуттук, элдик, этни­калык алакалар эрежелери. Ал мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт, коомдук пикирдин күчү менен аткарылат жана сакталат. «Постиндустрия­лык» заман талабына жараша жаңы Aдаттар ка­лыптанууда.