АДАПТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:30, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАПТЕР (англ. adapter – ылайыктагыч, лат. adapto – ылайыктоо) -1) эсептөө техни­касында – ЭЭМди перифериялык (четки) жабдуулар (принтер, дисплей, сканер ж. б.) менен байланыштыруучу түзүлүш. Мис., график­тик А. – информацияны (символдук, график­тик) дисплейдин экранына чыгарат, санарип­тик сигналды окшоштук (аналогдук) сигналга өзгөртөт. Энелик тактада электрондук схема же микросхема түрүндө өзүнчө тактада (плата­да) аткарылат; анын оперативдүү эси, атайын процессору бар; 2) электр‑техникада­ өзгөрмө агын (ток) тармагын (220 В) турактуу чыңалууга (1,5‑15 В) өзгөрткүч; колго алып жүрмө радио кабылалгычтын аккумуляторун, плеерди, мобилдүү телефонду, санариптик өлчө­гүч приборду ж. б‑ды заряддоо үчүн колдону­лат; 3 )сүрөткө тартууда (фотография­да) – фотоаппаратка башка форматтагы жарык сезгич материалды пайдаланууга мүмкүндүк бе­рүүчү кошумча кассета; стандартсыз бекитилген алмаштырма объективди фотокамерага жалгаш­тыруучу түзүлмө (өткөөл втулка, шакекче же фланец).