АДАБИЙ ТИЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ ТИЛ ‒ белгилүү бир адабий нормага салынган жалпы элдик тилдин жогорку формасы. Адабий тил айтылышы жана жазылышы такталып, жалпыга бирдей кодификацияланат жана стилдик жактан кеӊири жиктелип, оозеки жана жазуу түрүндө колдонулат. Ал коомдук жана функционалдык статусу б-ча улуттук тилдин калган формалары ‒ говор, диалектилерден кескин айырмаланып, белгилүү даражада регламенттелген мүнөзгө ээ коомдук-социалдык жана тарыхый-маданий кубулуш болуп саналат. Адабий тилдин жаралышы, өнүгүшү жана калыптанышы коомдун жалпы өнүгүшүнө жана ошол элдин жалпы маданиятынын деӊгээлине жараша аныкталат. Адабий тил ‒ бир нече диалектинин базасында, жалпы элдик, улуттук жана мамлекеттик тилдин негизги формасы. Кыргыз адабий тили ‒ кыргыз тилинин жалпы элге орток белгилеринин негизинде Октябрь революциясына чейин эле алгач оозеки, кийин жазма формада жаралган. Кыргыз адабий тилинин өнүгүү, калыптануу процесси уланууда.

С. Мусаев.