АГУЛЬ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:23, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГУЛЬ ТИЛИ – агулдардын тили. Лезгин тилине (чыгыш-лезгин топчосуна) кирет. Дагестандын Агуль, Курах р-ндорунда, Азербайжан, Россия Федерациясынын айрым аймактарына тараган. 1990-ж. 10-августта тпинг диалектисинин базасында орус алфавитинин негизинде агуль тилинин алфавити кабыл алынган. Ага чейин агуль тили күнүмдүк пикир алмашуунун тили катары колдонулган. Агуль тилинде биринчи Букварь 1992-ж. басылып чыккан. Негизги 3 диалектиси бар: агуль (тпиг – Агуль р-нунун Тпиг борборунун аталышы, адабий тилдин негизин түзөт), керен жана кошан. Кошан диалектисин башка диалектиде сүйлөөчүлөр түшүнүшү кыйын. Үндүүлөр системасында 5–6 фонема бар: i, ü, u, e, ä, a; чыгыш жөндөмөсүнүн 8 түрү кездешет. Род категориясы жок.