АГЛОМЕРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:24, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГЛОМЕРАЦИЯ (лат. аgglomerare ‒ бириктирүү, чогултуу) м е т а л л у р г и я д а ‒ эритүү үчүн зарыл формага жана касиетке (химиялык курамына жана структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу менен майда материалдарды (кен ташты, металл аралаш кен таш концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-жылы Ф. Геберлейн жана Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунушталган. Жогорку температурада (1150°С) кен таштын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеӊил эрүүчү бирикмелер эрип, кен таш муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук Агломерациялануучу материалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүртүү кенташ концентраты Агломерацияланганда андагы сульфиддин кычкылданышынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ жана анын концентраты, 3 ммге чейинки кокс жана антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) ‒ агломерат. Мунун 95%тен көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель жана коргошун өндүрүшүндө колдонулат. Аагломерация процессинде негизги жумушту Агломерациялык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машина аткарат. Бул машиналар өндүрүштө 1 жылда 2‒3 млн т агломератты өндүрөт. Агломерациялык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атменены булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет.

Ад.: Базилевич С. В., Вегман Е. Ф. Агломерация. М., 1967; Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003.