АГИОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:13, 4 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГИОГРАФИЯ (гр. – ыйыктар ж-дө жазамын) – диний темада жазылган чыгармалар. Пайгамбарлардын жана олуялардын турмушу тууралуу чагылдырылат. Ар кандай диндерге байланыштуу А-нын темасы, идеясы, максаты ар түрдүүчө болгон. А. Навоинин «Пайгамбарлар жана даанышмандар тарыхы» деген чыгармасында ислам дининин ыйыктары ж-дө айтылат. Кыргыздардын революцияга чейинки жазма жана оозеки адабиятында мындай чыгармалар болгону менен алардын көбү бизге толук жетпей калган. Акын Э. Эрматов Мухаммед пайгамбар тууралуу ыр китебин жазган жана анда ал инсандын өмүрү, ишмердүүлүгү чагылдырылган.