АГА
Jump to navigation
Jump to search
АГА ‒ жашы улуу эркек тууганына кичүүлөрдүн урматтап кайрылышы, жалпы эле кичүүлөрдүн улууларды урматтап аташы. Ага болуу кыргыздын үй-бүлөлүк мамилелеринде олуттуу парыз, өзүнөн кичүүлөр жөнүндө кам көрүү, аларды ар кандай кокустуктардан сактоо чараларын алдын алуу жоопкерчилиги менен жашоо. Акын Арстанбек Буйлаш уулунун ыр саптарында: «Агасы өлсө, не болот? Айтаарга сөзү кем болот. Иниси өлсө не болот, чабаарга камчы кем болот» ‒ деп айтылат.