АВТОТРАНСФОРМАТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:08, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОТРАНСФОРМАТОР(авто ... жана трансформатор) ‒ төмөнкү чыӊалуудагы оромосу менен жогорку чыӊалуудагы оромосу гальваникалык байланышта жасалган электр трансформатору. Демейде А-дун экинчи оролмосу биринчи оролмонун бир бөлүгү катары кызмат кылат. А-дун өзгөртүү коэфф-и n=U1/U2= W1/W2, мындаU1 ‒ жогорку чыӊалуу, U2 ‒ төмөнкү чыӊалуу, W1 жана W2 ‒ А-дун оромолорундагы оромдорунун саны. Өзгөртүү коэфф-и кичине болгондо А. кадимки трансформаторго караганда жеӊил жана арзан болот. А-дун кемчилиги ‒ биринчилик жана

Эки чыӊалуулуу (500‒750 кВ) линияларды байланыштыруучу автотрансформатор жана анын электрдик схемасы.

экинчилик тизмектеринин гальваникалык байланышы. Жүгү барда жөндөлүүчү аз кубаттуулуктагы А-дун алгы чекитин жылдыруу менен экинчилик чыӊалууну кеӊири чектерде өзгөртүүгө болот. Ал башкаруу тизмектеринде, автоматтык түзүлмөлөрдө жана тажрыйба орнотмолорунда колдонулат. Кубаттуу А-лордо чыӊалуу кадимки трансформатордогудай эле жөндөлөт. үч фазалуу же бир фазалуу тайпадан жасалат. Ж. А. Апышев.