АВТОПИЛОТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:50, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОПИЛОТ (авто... дегенден жана франц. Pilote – башкаруучу) – учуучу аппараттарды (самолёт, вертолёт, башкарылма ок, снаряд ж. б. ) автоматтык түрдө башкаруучу түзүлмө. Автопилот идеясын жана анын схемасын 1898-жылы К. Э. Циолковский сунуштаган. Учкан самолётту автоматтык башкаруу биринчи жолу Сперри фирмасы (АКШ) тарабынан 1914-жылы Парижде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө сунушталган. СССРде пнематикалык автоматтык система (АВП – 1) 1932-жылы түзүлгөн. Башында Автопилот учуп бараткан самолёттун бурчтук кыймылын (оордук борборунун кыйшайюсун) турукташтыруу үчүн жасалган. Бул учкучту катыштырбай туруп, самолёттун учуу режимин сактоого мүмкүндүк берген. Автопилоттун жакшыртылган түрү автоматташтырылган системаны түзүүгө да мүмкүндүк берип, учуу учурундагы борбордук массанын салыштырма оордугун да автоматтык түрдө башкаруу милдетин аткарат. Бул учуучу аппараттын учкандан тартып конгонго чейинки бардык режимин автоматташтырат. Мындай Автопилот учуучу аппараттын рулун гана эмес, аны кыймылга келтирген моторун да жөнгө салат. Бул ар кандай класстагы учуучу аппараттарды (ракета, самолёт, ок, жердин жасалма спутнигин) учкучсуз эле учурууга мүмкүн экендигин көрсөттү. Автопилоттун иштеши үчүн электр энергиясы түрүндөгү энергия же самолёттун майын моторуна түртүп жеткире турган аба басымы керек.

Ж. Арзыкулов