АВТООПЕРАТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:41, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТООПЕРАТОР(авто... жана оператор ), а в т о ш у у т ‒ металл кесүүчү станоктордун автоматташтырылган тес (станок) катарларында (линияларында) иштетилүүчү тетиктерди оӊдоп түзөтүүчү жана багытка салуучу түзүлмө. Анын төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) тестин Автооператору ‒ көп операциялуу станокто аспапты автоматтык алмаштыруучу түзүлмө. Автооператор жумушту аткарып жаткан аспапты кысып, аны тесийиктен (шпинделден) чыгарып, анын ордуна башка аспапты коёт. Тесийиктеги ар бир аспаптын абалы автоматтык текшерилет. Аспапты алмаштыруу убакыты 5 секга жакын; 2) гидроэлектрстанциясындагы (ГЭС) Автооператор ‒ ага кирген электр энергия системасынын жүктөлүшүнүн жана суунун кысымы менен сарпталышынын (режиминин) өзгөрүшүнүн натыйжасында ГЭСтин (режиминин) өзгөрүшүнө ылайык агрегаттарды жүргүзүүгө же токтотууга берилүүчү башкаруу импульсун камсыз кылуучу автоматтык түзүлмөлөр системасы. ГЭСтин окшоштук түрүнө Автооператордун башкаруу, агрегаттарды жүргүзүүнүн (токтотуунун) кезегин тандоо, кысым блоктору жана суу агыны менен кубаттуулук билгизгичтери кирет. Башкаруучу ЭЭМдүү ГЭСтин Аатооператорунун санариптик түрүндө агрегаттардын мүнөздөмөлөрү ж. б. берилмелер ЭЭМдин эсинде программа түрүндө сакталат. Ошондуктан агрегаттардын иштөө режими оптималдуулукка жакындап, ГЭСти оператордук башкарууга жетишилет.