АВТОКРАТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:02, 11 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОКРАТИЯ (гр. autokrateia ‒ өзү бийлөөчүлүк, жеке башкаруу) ‒ жеке адамдын чексиз, көзөмөлсүз толук бийлиги менен мүнөздөлүүчү башкаруу формасы; ошондой эле мыйзам чыгаруучулук, аткаруучулук функцияларды өз колуна алган, мамлекеттик аппараттын ишин өзү толук көзөмөлдөп турган, кол алдындагыларга жана карамындагыларга эч көз каранды болбогон жогорку башкаруучунун бийлиги (мис., байыркы Чыгыштагы ‒ деспотия, байыркы Римдеги, орто кылымдагы империялар, абсолюттук монархиялар). Автократиянын альтернативасы — демократиялык өлкө.