АВАР ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:24, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВАР ТИЛИ - Дагстан, Түндүк Осетия жана Азербайжанда жашаган аварлардын тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин дагстан тобуна кирет. Авар тили түштүк жана түндүк диалектиге бөлүнөт. Адабий тили түштүк наречиенин негизинде калыптанып, 1928-ж. латын графикасындагы алфавити кабыл алынган. Жазмасы 1938-жылдан орус графикасынын негизинде иштелип чыккан. Авар тили - андий, цэз элдеринин жана арчиндердин улут аралык катнаш жана мектепте окутуунун тили болуп саналат. Бул тилде 800 миңден ашык адам сүйлөйт. 20-кылымдын 30-жылдарында Авар тилинин өнүгүшүнө Дагстан акыны Гамзат Цадаса олуттуу салым кошкон.